Бүгүн биз сиздерге Кара-Суу айылында курулуп жаткан спорт комплекс тууралуу кеп куруп беребиз. Тагыраак маалыматты Жолдошбек уулу Адилеттен алсак:


Байкелерибиз колдоо көрсөтүп, жардам берип жатышат, байкелердин аттарын атап кетсем: Айылдык кеңештин депутаты Бейшенбек байке, Саламат байке, Талант байке, Анвар байке. Ушул салым кошкон байкелерге рахмат. Дагы жардамыңыздарды берсеңизднр болот. Кичине каражатыбыз жетпей турат. Келгиле, бир туугандар, жардам берип, спорткомплекстин курулушуна салымыбызды кошуп, быйыл бүтүп жаштарга жакшы шарт түзүп берели.Кара-Суу айылынын тургуну Болотова Нурсия эжеге сөз сунсак:
-Биздин айылда клубту ремонттоп, жаштар үчүн аябай жакшы жаңылыктар болуп жатат. Көптөн бери (30 жыл) клуб иштебей жүргөн. Бирок азыр жаштар баары тең жапа тырмак киришип, өздөрүнүн астына бир максат коюп, бир чоң нерсе жасап жатышат. Мындан ары биздин балдарыбыз ошол жерден жашкы нернселерди үйрөнүшөт деп ишенем.
Кара-Суу айылынын жаштарына «Ак кептер» медиаборборунун атынан чоң-чоң ийгиликтерди каалайбыз.
Даярдагандар:Гүлзада Бейшенбекова, Элина Азаркулова.
06.09.17. «Ак Кептер».