“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Шайлоого даярдык

18 Сентябрь 2017 жыл 11:44
Көрүүлөрдүн саны: 93

      KR prez.shailoo

Саламатсыздарбы, урматтуу Кара-Суу айылынын тургундары. Мекенибизде, быйыл чоң жаңылык болгон турат. Бул Президентти шайлоо күнү. Республикабыздагы 15-октябрда боло турган шайлоо күнүнө № 7336-шайлоо участкасынын даярдыгы тууралуу айтып берели деп чечтик.

Кенениреек маалыматты Кара-Суу айылындагы № 7336 шайлоо участкасынын төрайымы Гүлмира Темирбековна Жумалиевнадан алсак:
“Биздин участкада шайлоого даярдык жакшы өтүп жатат. Шайлоочулардын тизмеси даяр, илинген, шайлоочулар келип, текшерип кетип жатышат.
Участкабыз мектепте жайгашкан, атайын бөлмө берилген. Телефон коюлуп, иштеп жатат. Өрт өчүрүүчү каражаттар бар, даяр. Дежур болуу графиги, шайлоо тууралуу брошюралар, документтер бар, даяр. Комиссия мүчөлөрү окуп келип жатышат.
ТИК тарабынан бизге планшет жана шайлоону кантип өткөрүү керектиги тууралуу эскертмелер берилген. Алар менен шайлоочулар таанышап жатышат.
Шайлоо комиссиясынын төрайымы катары шайлоочуларды участкага келип, тизмеден өзүлөрүн текшерип, шайлоого активдүү катышкыла деп, чакырамын”.
“Ак кептер” медиаборборунун атынан № 7336-шайлоо участкасынын ишине ийгилик каалайбыз.
Сак саламатта калыңыздар.
Даярдаган: Чакчагаев С.К. 18.09.2017-жыл. “Ак кептер”. Кара-Суу айылы.