“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Жумалиева Гулмира — өз кесибин ардактаган мугалим

19 Сентябрь 2017 жыл 22:56
Көрүүлөрдүн саны: 74

      Jumalieva Gulmira

Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинин мугалими – Жумалиева Гүлмира өз өмүрүн мугалимдик кесипке арнагандардын бири. Пржевальск шаарындагы педагогикалык окуу жайды аяктагандан бери туз даам буйруп, Кара-Суу айылынын келини болуп калган. Турмуш шартка байланыштуу Новониколаевка айылында 15 жыл иштеп, азыр болсо Кара-Суу айылында мугалимдик кесипти аркалап келе жатат, башталгыч класстын мугалими, жогорку билимдүү.
Эжебиз өз кесибин башкага алмаштырбайт, окуткан балдарын турмуштан ордун таап, окууларын улантып, илимдуу-билимдүү болсо экен деп тилейт.
Эже айыл аймагынын коомдук иштерине да активдүү катышат, ар кандай долбоорлорго катышып, айылдын өсүп-өнүгүшүнө чоң көмөк көрсөтүп келе жатат. Көп жылдан бери № 7336-шайлоо участкасынын төрайымы, азыр дагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо өнөктүгүнө катышып, төрайымдык ишти алып барып жатат.
Эжебиздин ою — Мекенибиздин баардык жарандары илим-билимдүү болсо.
“Ак кептер” медиаборборунун атынан Эжебиз Жумалиева Гүлмира Темирбековнаны Мугалимдер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Мугалимдик кесибин улап, жаштарга таалим-тарбия берип, окуткан балдары илимдүү-билимдүү болсун демекчибиз.
Даярдаган: Гүлзаада Бейшенбекова, Султаналы Чакчагаев, 19.09.2017-жыл, “Ак кептер”, Кара-Суу айылы.