“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кыргыз тил — 28

23 Сентябрь 2017 жыл 0:56
Көрүүлөрдүн саны: 154


      Ene til-28

Кара-Суу орто мектебинде Кыргыз тилине арналган иш чара болуп өттү. Бул иш чараны Гүлжан Ажиева жетектеген 7-класстын окуучулары алып барышты.
Кыргыз тили тууралуу докладды Гүлжан эже окуп берди, ал эми окуучулары болсо, тил жөнүндө декламацияларды айтып, ырларды ырдашып, акыяларды айтышып, иш чараныкызыктуу өткөрүшту.
Быйыл Кыргыз тилине Мамлекеттик деген статус берилгенине 28 жыл толду.
Тилибиздин өсүп-өнүгүүсү көптөгөн тоскоолдуктарга дуушар болуп жатат.
Өз тилин сактап калуу – бул ошол тилдин ээлеринин иши.
Тилибизди барктап, сактайлы!
Даярдаган: Султаналы Чакчагаев, 23.09.2017-жыл, “Ак кептер”. Кара-Суу айылы.