2 Октябрь 2017 жыл 14:40
Көрүүлөрдүн саны: 102
Karylar kunu - 2017
2017-жылдын 2-октябрында Кара-Суу айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тарабынан Кара-Суу айылынын карыларына кичине майрам уюштурулду,

айылдын аксакалдарына окуучулар тарабынан даярдалган

чакан концерт жана чай берүү уюштурулду.

Айыл өкмөттүн кызматкерлери Беркутова Айгул – жооптуу секретарь, Жамгырчиева Элмира – социалдык кызматкер, Шабырбаева Мунара келишип, айылдын карыларына каалоолорун айтып,

куттуктап, чай уюштуруп беришти. Ал эми Кара-Суу орто мектебинин окуучулары тарабынан карылар үчүн концерт уюштурулду.

Карыларыбыз уюштуруучуларга өз ыраазычылыгын билдиришип, рахмат айтышты.
Даярдаган: Чакчагаев Султаналы, 2-октябрь 2017-жыл, “Ак кептер”, Кара-Суу айылы.
Post Views: 102