“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Суу орто мектебиндеги «Мугалимдер күнү»

5 Октябрь 2017 жыл 22:19
Көрүүлөрдүн саны: 59
      Mug.kunu-444

Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинде «Мугалимдер күнүнө» арналган иш чара болуп өттү. Бул иш чараны 8-класстын окуучулары менен бирге “Ак кептер” медиаборборунун волонтерлору даярдап, мектептин мугалимдерин куттукташты.
Окуучулар эже-агайларына арналган декламацияларды айтып, ыр ырдап, бийлеп, кызыктуу иш чара өткөрүп,мектептин мугалимдерининин майрамын баштап беришти.
Андан кийин мектептин Директору Алиева Нургул Акматалиевна жана Азаркулова Калбүбү Туратбековна-химия мугалими райондук иш чарага катышып, Калбубү эжебиз райононун грамотасы менен сыйланып кайтты.
“Ак кептердин” атынан Кара-Суу орто мектебинин мугалимдерин Мугалимдер күнү менен куттуктайбыз.
Даярдаган: Азирет Туратбеков, 5-октябрь, 10.2017-жыл, “Ак кептер”. Кара-Суу айылы.