“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кыргыз тарыхынан

23 Ноябрь 2017 жыл 19:15
Көрүүлөрдүн саны: 137

Кыргыз Республикасында 7- ноябрь – Бул Улуу Октябрь Социалисттик Революциясынын күнү болуп майрамдалса, 8-ноябрь Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен “Ата-Бабаларды эскерүү күнү” деп, токтом кабыл алынды.
Мына ушул күндөрү, 7-ноябрда, Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Кара-Талаа айылында кыргыздын саяк уруусунун чыгаан уулу Кудайменде бабабыздын 300 жылдык мааракесине арналган иш чара болуп өттү. Бул чоң майрамга Кыргызстандын ар тарабынан келген коноктор катышты.
“Биз дагы, Жайыл районунун Кара-Суу айылында жашаган, Кудайменде атанын тукумдары бул чоң майрамга конок катары чакырылдык”, — дейт Кара-Суу айылынын тургуну Чакчагаев Султаналы.
“Кара-Суу айылында Кудайменде атанын тукумдары мындан 250 жыл мурун, Жангарач бийдин иниси Качыке менен бирге келип, Кара-Суу айылын түптөшүп, отурукташып калышкан экен. Андан бери далай жылдар өттү. Кара-Суу айылында азыр кыргыздын солто, саяк, азык, кушчу жана саруу уруулары турат.

Айылыбыз кыргыздын тээ илгери түптөлгөн айылдарынын бири, тургундары эмгекчил, ынтымактуу келишет. Казак менен Кыргыздын чек арасында. Эл айтат: “Жангарач иниси Качыкени чек араны карап, ошол жакта жаша”,- деп, жиберген дейт. Мына ошондон бери, тагдырдын салганына баш ийишип, Ысык-Көлдөн келген, Кудайменде атанын тукумдары Кара-Суу айылында жашап келе жатышат, төрт бир туугандын улуусунун тукумдары, ал эми үчөөнүн тукумдары Ысык –Көлдөгү Кара-Талаа, Сары Камыш айылдарында жана Балыкчы, Бишкек шаарында турушат. Ата-бабаларыбыз Көлдөгү туугандары менен катташып турушкан, унутушкан эмес, кыргызбыз да. “Дос айрылат, тууган кайрылат”,-дейт кыргызда.
Мына, ошентип биз дагы, Кара-Талаа айылындагы Ата-Бабаларды эскерүү күнүнө арналган иш чарага катышканы барып калдык. Кудайменде бабабыздын арбагына куран түшүрүп, айкелинин ачылуу аземине катыштык. Айылдын четине, Көлдүн жээгине жакын жерге даярдалган конокторду тосуу үчүн тигилген боз үйлөргө барып, даам ооз тийип, кыргыздын чыгаан артисттери даярдаган концертти көрдүк. Андан кийин чоң ат чабышка күбө болдук. Уткандар жеңил автомашина жана башка приздер менен сыйланышты.
Ошентип, Ата-Бабаларды эскерүү күнүн эң сонун өткөрүп, туугандарыбыз менен жолугушуп, маек куруп, айылыбызга кайтып келдик»,- деди, Кара-Суу айылынын тургуну, Кудайменде атанын тукуму, Чакчагаев Султаналы.

Даярдаган: Бейшенбекова Гүлзаада, «Ак кептер», 23-ноябрь, 2017-жыл, Кара-Суу айылы, Жайыл району.