“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

«Ак кептер». Жыл жыйынтыгы

30 Декабрь 2017 жыл 9:57
Көрүүлөрдүн саны: 67

Жайыл районунун Кара-Суу айылындагы “Ак кептер” мультимедиаборбору өтүп бара жаткан 2017-жылды жыйынтыктады.
2017-жылдагы “Ак кептердин” иши тууралуу жамааттык медиаборбордун координатору Чакчагаев Султаналы мектептин жана айылдын Жаңы жылга арналган кечесинде айтып берди.
“Быйылкы жыл биздин ЖМБ үчүн ийгиликтүү жылдардын бири болду. Жылдын жыйынтыгы боюнча “Ак кептер” жамааатык медиаборбору Кыргыз Республикасынын жамааттык медиаборборлорунун арасынан биринчи орунга ээ болуп, Дойче Велленин диплому жана ноутбук менен сыйланды. Сыйлоо аземи Кыргызстандын жамааттык медиакаражаттарына арналган Бишкектеги конференцияда болуп өттү. Борбордун иштешине 6-жыл кетип бара жатат, ар кандай конкурстарга катышабыз, Бишкеке барып, окууларга, семинарларга катышып турабыз, долбоор жазып, кичи гранттарды утуп, Ставропол айылына филиал ачтык. Ал филиал иштеп, Ставропол айылынын балдар кыздары да, журналистиканын негиздерин үйрөнө башташты. “Ак кептер” мултимедиаборбору Кара-Суу айыл аймагынын өсүп-өнүгүүсүнө аз да болсо салымын кошо баштады.”
Жылдын жыйынтыгы боюнча борбордун активдүү ыктыярчыларына грамоталар жана бирдик толтуруу карточкалары тапшырылды.
Алар: Туратбеков Азирет, Бейшенбекова Гүлзада, Данияр кызы Назик, Алымбекова Канышай, Жусупова Саида,Айылчы кызы Сезим, Анвар кызы Айзаада, Дүйшөнбеков Актан, Сманов Беккелди, Болотов Алишер.
Урматтуу, мекендештер, келе жаткан жаңы жылыңыздар менен!!!
Даярдаган: Бейшенбекова Гүлзада, “Ак кептер”, Кара-Суу айылы, 29-декабрь 2017-жыл.