“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Балта шаарында жабык футболдук арена курулууда

11 Январь 2018 жыл 1:32
Көрүүлөрдүн саны: 79

Жайыл районунун Кара-Балта шаарында жабык футболдук арена курулуп жатат. Мындай спорттук жай шаардын аймагында биринчи жолу ишке киргизилгени турат. Футбол аренасынын курулушуна Жайыл районунун администрациясы жана Кара-Балта шаарынын мэриясы жана башка мекемелер өз жардамдарын аяшкан жок, колдон келишинче куруучуга жардам берип, колдоп жатышты.
Бул спорттук имарат шаардын өйдө жагында (почтовыйда), шаардык мэриянын имаратынын жанынан орун алды.
Футболдук аренаны курган Кара-Балта шаарынын тургуну Тыналиев Тынчтыкбек Базаркулович.
“Бул спорттук имараттын курулуусу шаарыбыздагы спорттун өнүгүүсүнө чоң жардам берет жана ошондой эле шаардын тургундарынын ден соолугун чыңдоого да аз да болсо өз салымын кошот деп ойлойм. Сырттагы аба ырайына карабай бул аренада ар кандай спорттук оюндарды өткөрүп турса болот жана Кара-Балта шаарында футбол оюнунун өркүндөп, өсүүсүнө көмөк көрсөтөт деп ишенем”,- дейт Тынчтыкбек Базаркулович.
Бул аренанын узундугу – 43 метр, туурасы – 23, бийиктиги болсо – 12 метрди түзөт.
Мына, ошентип, Кара-Балта шаарында биринчи жолу жабык футболдук арена курулуп бүтөйүн деп калды, жакында бул спорт аренасынын ачылыш аземи болгону турат.
“Ак кептер” медиаборборунун атынан Тынчтыкбек Базаркулович Тыналиевди бул спорттук курулушту аяктап, шаар тургундарына жаңы жылга чоң белек кылгандыгы үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Иштерине ийгиликтерди каалап, Тынчтыкбек Базаркуловичтин коллективи шаардын тургундары үчүн, Жайыл районунун тургундары үчүн кызмат кылып, ден соолукта болушсун демекчибиз.
Даярдаган: Чакчагаев Султаналы, “Ак кептер”, 11.01.2018-ж., Кара-Суу айылы, Жайыл району.