“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Жаштар клубдун имаратын ремонттошту

12 Январь 2018 жыл 20:41
Көрүүлөрдүн саны: 37

2017-жылда Кара-Суу айылында чоң бир көйгөй болгон айылдын клубунун имаратын оңдоп, түзөө иштери жүргүзүлүп, айылдын жаштары Кара-Суу айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен бирге, бул имараттты жаштар машыга турган жайга айлантууну чечишти.
Клубдун имараты тууралуу “Ак кептер” иштеп баштагандан бери үч-төрт репортаж чыгарып, Айыл өкмөткө кайрылып, эмне кылсак айылдын клубу ремонттолот деп, суроолорду койду эле.


Кара-Суу айыл өкмөтү: “бюджетте клубду ремонт кылганга акча жок, каражат жок”-, деп, кутулушчу.
Ондогон жылдары иштебей турган айылдын клубун ремонттоого айылдын жаштары өздөрү киришип, Айыл өкмөтүнө кайрылып, демөөрчүлөрдү издеп табышып, клубду жайы бою ремонттошуп, ар кандай спорт эмеректерин сатып алышып, суу киргизишип коюшту.
Айылда баягы начар абалдагы клубдун имараты оңдолду, бирок бул имарат качанга чейин кызмат кылат аны бир кудай билет.
Бирок жаштар: “Жаңы имарат салганга көп каражат керек экен, арынча ушул имаратты оңдоп алалы”-, деп киришип бир топ иштерди аткарышты: клубдун сыртын штукатуркалап, суук болбосун деп, пенопласт менен чапташты, эшик-терезелерин которуп, суу киргизип, аристон коюп коюшту.
Баягы кулайын деген клубдун имараты жок, өңүнө кирип калды.
Балдардын айтуусу боюнча “анча-мынча акча жетпей калды” калганын жазында бүтүрүп алабыз дешет.
Ошентип айылыбызда ондогон жылдары эстелик болуп турган, СССР убагында салынган, кулайын деп калган клубубуздун анча-мынча көрку чыгып калды.
Бул имаратты оңдоодо айылдын төмөнкү жаштары абдан жакшы эмгек кылышты: Турсуналиев Талант, Чакчагаев Кыдыраалы, Какешов Адилет, Токболотов Жанат, Колбаев Калмырза ж.б.
«Ак кептердин» атынан жаштардын бул аткарган ишине айылыбыздын атынан чоң рахмат айтып, калган иштерин бүтүрүп алышына тилектешбиз.

Даярдаган: Бейшенбекова Гүлзада, «Ак кептер», 12.01.2018-жыл, Кара-Суу айылы.