“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Балтада жабык футболдук арена ачылды

15 Январь 2018 жыл 16:03
Көрүүлөрдүн саны: 61

      Sportarena

Жайыл районунун Кара-Балта шаарында 14-январда жаңы курулган жабык футболдук аренанын ачылуу аземи болуп өттү.
Аренаны ачууга спорттук аренаны курган Тыналиев Тынчтыкбек жана Замирбектин ата-энеси жана чоң апасы катышышты. Ошондой эле презентацияга Кара-Балта шаарынын тургундары жана Бишкектен, Канттан, Таластан келген коноктор катышышты.
Футболдук аренынын кызыл лентасын кесип, аренаны ачып берүү Тыналиевдердин апасы Жетигенова Калдыгүл апага жүктөлдү.
Калдыгул апа өз cөзүндө, баласы Базаркул Тыналиев жана неберелери Замир менен Тынчтык спортко жакын экендерин айтып, неберелерине ийгилик каалап,Кара-Балта шаарынын тургундарын мына ушул спорт аренасына келип, топ ойноп, ден соолуктарын чыңдап турууну айтты.
Презентацияга келгендер Тыналиевдерге бата беришип, спорттук аренанын ишине ийгиликтерди каалашты.


Аягында келген коноктор сый тамактан даам татышып, футбол оюндарын көрүштү. Оюнда алдыңкы орунду ээлегендер баалуу белектер менен сыйланышты.
Ошентип, Кара-Балта шаарындагы биринчи футболдук жабык арена ишке кирди.
Бул спорттук аренанын ишине ийгиликтерди каалайбыз.
Даярдаган: Чакчагаев Султаналы, “Ак кептер”, 15.01.2018-жыл, Кара-Суу, Жайыл.