“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Айылдагы калың кар

16 Январь 2018 жыл 17:26
Көрүүлөрдүн саны: 85

Жайыл районунун Кара-Суу айылында 12-январдан бери кар жаап, айылды жана жолдорду калың кар басып калды.
Кардын калың жаашы айылдын-борбор менен карым катнашын бир топ кыйындатты. Жеңил машиналардын көпчүлүгү жолдон жүрө албай турган болуп калды.
Мына ушундай аба ырайын байкап турган Жайыл районунун жолду эксплуатациялоо башкармалыгы тез чечим кабыл алып, райондун ылдый жактарында жайгашкан айылдардын жолун грейдер менен күн сайын тазалап жатышкан убагы.
Бүгүн, 16-январда, таң атпай Кара-Суу айылынын жолун, мектептин кире беришине чейин грейдер сүрүп, тазалап кетти.
Жайыл районунун жолчуларынын ыкчам иштеши айыл тургундарын кубантты.
“Ак кептер” медиаборборунун атынан Жайыл районунун жолду эксплуатациялоо башкармалыгына айыл тургундарынын атынан ыраазычылык билдиребиз. Жолчуларга ийгилик каалайбыз.


Даярдаган: Чакчагаев Султаналы, “Ак кептер”, 16-январь 2018-жыл, Кара-Суу айылы, Жайыл району.