“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Заманбап ашкананын ачылышы

22 Январь 2018 жыл 21:19
Көрүүлөрдүн саны: 28

      Ashkana

Бүгүн 22-январда Жайыл районунун Кара-Суу айылында Кара-Суу орто мектебинин ашканасынын, Өнүктүрүү саясаты институнун жана Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жана айыл тургундарынын ишке ашырган долбоору менен ремонттолгон, ачылуу аземи болуп өттү.
Ачылуу аземине Жайыл районунун Билим берүү бөлүмүнүн кызматкери Меселимова Мистегүл, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн төрайымы Дженбаева Насипа Елибаевна, Кара-Суу орто мектебинин деректири Алиева Нургүл Акматалиевна жана Кара-Суу айылынын тургундары катышты.
Презентацияда Дженбаева Н.Е. бул долбоордун кантип ишке ашкандыгы тууралуу айтып, дагы кандай иштерди максат кылып койгондугу тууралуу айтып, долбоорду ишке ашырууда айылдын тургуну Каралаева Марипа жана мектептин деректири Алиева Нургүл активдүү катышканын айтты.
Аземдин аягында мектеп окуучуларынын чакан концерти көрсөтүлүп, келген коноктор ашкананын кандай жасалганын көрүштү.
Ошентип, Кара-Суу орто мектебинде Өнүктүрүү саясаты институтунун ишке ашырган долбоору иштей баштады. Мектеп окуучулары жаркыраган ашканада тамактанмак болушту.
Даярдаган: Гүлзаада Бейшенбекова, Чакчагаев Султаналы, 22.01.2018-ж., “Ак кептер”, Кара-Суу айылы, Жайыл.