“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

«Ботокөз булактын» күндөлүк иши

25 Январь 2018 жыл 20:48
Көрүүлөрдүн саны: 32

      Bakchanyn ishi 18

Жайыл районунун Кара-Суу айылында мындан 4 жыл мурун мектептин имаратында БУУнун жана Европалык Союздун долбоору менен 24 орундук бала бакча ачылган эле. Мына ушул бала бакчанын иши тууралуу бакчанын башчысы Айша Сайдиновна Бекматова жана ашпозчу Жумабекова Ратха менен болгон маек.
“ “Ботокоз булак” бала бакчабыздын иштешине туура 4 жыл болду, бакчабызда азыр 20 бала тарбияланып жатат, дагы 4 орун бар. Бакча иштегенден баштап, далай кыйынчылыктар болду. Азыр болсо райондогу бакчалардай эле ишибиз жүрүп жатат.
Айыл өкмөтү, ата-энелер менен бирдикте ишибизди алып барып жатабыз. Ошондой эле райондун билим берүү бөлүмү методикалык жактан дайыма жардам берип турат.
Тарбиячыбыз-Света Капсаламова жана мен өзүм районо өткөргөн семинарларга катышып турабыз.
Биздин көйгөй – айылга бакчанын имаратын салып алсак жакшы болот эле. Анын үстүндө иштеп жатабыз. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн төрайымы Дженбаева Насипа Елибаевна менен бирге кантип ушул ишти аткарсак деп, дайыма маектешип турабыз. Ал киши да бакчанын ишине, кызматкерлерге колдон келишинче жардам берип, бизди колдоп келе жатат. Буйруса долбоор жазып, айылга бакча салдырып алабыз деген ойдобуз”,-дейт Айша Сайдиновна Бекматова.
Ал эми бакчанын ашпозчусу Жумагулова Ратха балдарга үч маал тамак берилип жатканын айтып, тамактын баары экологиялык жактан таза жана балдарга тамакты жагымдуу, даамдуу кылып жасап берип жаткандыгын айтты.
Ошентип, БУУ жана Европалык Союздун жардамы менен айылыбызда ачылган бала бакча, мамлекетибиздин колдоосу менен, 4 жылдан бери тынбай иштеп келе жатат.
Бакчанын ишине айылдыктар ыраазы.
Даярдаган: Бейшенбекова Гүлзада, 25.01.2018-жыл, Кара-Суу, Жайыл.