“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Суу айылынын аялдары

11 Февраль 2018 жыл 15:39
Көрүүлөрдүн саны: 94

Жайыл районунун Кара- Суу айылында орто мектеп бар. Ал орто мектепте 15 мугалим иштейт. Алардын көпчүлүгү аялдар. Биз мурунку чыгарылышта бир топ аялдар туралуу репортаж чыгардык эле.
Биз бул чыгарылышта Кара-Суу орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Насыранбекова Марафат эже туралуу айтып бермекчибиз.

      Nasyranbekova M.B

Кененирээк маалымытты Марафат эжеден алсак. Кара-Суу орто мектебинин мугалими Насыранбекова Марафат Беделбековна:
” Мен башталгыч класстын мугалими болуп иштейм. 1977- жылы 1-класска кирип 1987- жылы ийгиликтүү аяктадым. Ошол эле жылы Фрунзедеги финансы экономикалык техникумга тапшырып, 1989 жылы аяктадым.

Ошол эле жылы 1989-жылы Жайыл районун Кара-Суу айылына турмушка чыгып, ошол жылдан бери Кара-Суу айылынын тургуну болуп жашап келем. 1989-жылдан 1995- жылга чейин Ставропол совхозунда бухгалтер болуп иштедим. 2002-жылы Кар-Суу орто мектебине мугалим болуп кирип, ошол жылдан бери башталгыч класстын мугалими болуп иштеп келе жатам.

Үй-бүлөдө 4 баланын апасымын. 3 эркек 1 кыз. Мен өзүм болсо 4 бир тууганмын. Марафат эже жонундо кесиптештеринин ою: “Биздин мектептин мугалими Насыранбекова Марафат жонундо кичине маалымат айта кетсем. Марафат окуучуларга жакшы мамиле кылат. Мектепте иштегенине көп эле жыл болуп калды.

Ошондон бери окуткан окуучулары жакшы окуп, тартиптүү болуп, мектептин алдынкы окуучулары болуп келе жатат. Марафаттын үй-бүлөсү дагы үлгүлүү үй-бүлөдөн. Эки баласы үйлөнүп үч неберенин чоң апасы. Үй-бүлөсү ынтымактуу жашап жатышат. Мектептеги балдарга тарбия бергендей, өзүнүн балдарына дагы жакшы тарбия берет. Балдары дагы жакшы, үлгүлүү балдардан болду. Айылыбызды алдыга көтөрө турган балдардан. Бир баласы машина айдап, айылдагы жумуштарын аткарат. Элге да жардам берип жүрөт. Экинчи баласы райондук архитектурада кызматкер. Максаттын жардамы районго гана эмес айылга да жардамы тийип жатат. Биздин окуткан окуучуларыбыз Максаттай болуп , окуп билим алып алдыга өнүп-өсүп, айылыбызга жардамы тийе турган, Кыргызстанга жардамы тийе турган балдардан болсун деп тилейм”,- дейт кесиптеши Акешова Гүлнара.
Даярдаган: Данияр кызы Назик, 11- февраль 2018- жыл , “Ак-кептер” .