“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Суунун мугалим аялдары

11 Февраль 2018 жыл 15:47
Көрүүлөрдүн саны: 58

Кара-Суу айыл аймагынын Кар-Суу орто мектебинде Абдрасулова Айниза башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенип келе жатат.

      Abdrasulova A

Ал өзү жөнүндө кыскача маалымат берди: “1983-жылы 6-декабрда Панфилов районундагы Партсьезд айылында туулуп өскөм. Партсьезден бала-бакчага бардым, мектепке бардым.

9-классты окуп бүткөндөн кийин, тигүүчүнүн окуусун окудум. Ал жерден 10-11 чи класстын базасын жана бычмачы-тигүүчүнүн дипломун алдым.Кара-Суу орто мектебине 2009-жылдан бери башталгыч класстын мугалиими болуп иштеп жатам. Азыркы учурда 2-класстын мугалимимин. Дагы мектептин китепканачысы болуп иштейм.

2006-жылы Кара-Суу айылына келин болуп келдим. Азыркы учурда үч баланын апасымын.
Айниза эже жөнундө кесиптештердин ою: “ Айнизанын келгенине 5,6 жыл болуп калды. Ал мектептин коомдук иштерине активдүу катышат. Мектептин китепканасында иштеп, райондон келген китептерди өз убагында алып келип, балдардын билим алуусуна жакшы өбөлгө тузуп жатат. Өзү мектепте мугалим болуп окуучуларга сабак берет. Өзүнүни дилгирлиги менен, активдүүлүгү менен, окуучулардын билимин көтөрүүдө. Айнизага чоң-чоң ийгиликтерди каалайм. Мындан ары өсүп, өнө берсин,”- дейт кесиптеши Джумалиева Гүлмира.
Даярдаган: Айзада Анвар кызы, 11- февраль, 2018-жыл,” Ак-кептер” .