“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

13-февраль — Бүткүл дүйнөлүк радио күнү

12 Февраль 2018 жыл 15:06
Көрүүлөрдүн саны: 88

«Бүткүл дүйнөлүк радио күнү – бул 2012-жылдан бери эле белгиленип келе жаткан майрам. 2011-жылы ЮНЕСКО нун Генералдык конференциясында бул күндү “Бүткүл дүйнөлүк радио күнү” деп, белгилеп туруу боюнча чечим кабыл алынып, жыл сайын 13-февралда дүйнө жүзү боюнча белгиленип келе жатат.

      BDR kunu

Бул дата дагы бекеринен кабыл алынган эмес –анткени, 1946-жылы 13-февралда, “БУУ нун радиосу” эфирге чыккан. Радионун станциясы болсо БУУ нун штаб-квартирасында жайгашкан.
Бул майрамдын уюштуруучулары – радионун баркын көтөрү үчүн гана эмес, ошондой эле радиого тиешеси барлардан ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, жана ошондой эле жергиликтүү радиостанциялардын маалыматка жетүүсүн жогорулатуу, өз ойлорун ачык-айкын айтуу жана радио толкунундагы гендердик теңчиликти жогорулатууну каалашкан.
Азыркы учурда да радио дүйнө жүзүндөгү аудиториясы эң көп байланыш каражаты катары болуп келе жатат.
Радио аркалуу тургундардын эң аярлуу катмарларынын, майыптардын,аялдардын жана жаштардын үнүн угуп, аларды коомдук дискуссияларга катышууга мүмкүнчүлүк берет.

Ошондой эле радио кооптуу кырдаалдар жана жаратылыш кырсыктарынын убагында эң чоң ролду ойнойт.
2013-жылы февраль айынын башында ЮНЕСКО нун жардамы менен биздин айылга мультимедиалык борбор ачылган. Мына ошондон баштап, айылда окуучулар жана жаштар журналистиканын негиздерин үйрөнүшүп, айылыбыздын көйгөйлөрү жана жетишкендиктери тууралуу материалдарды чыгарып, интернетке чыгарып жана айылда орнотулган “радиорупорлор” аркылуу аудиоматериалдарды берип келе жатабыз.

Бизди журналистиканын негиздерине Бишкектеги Клооп медиа деген коомдук фонд тренинг, семинарларды уюштуруп, үйрөттү.
Жана ошондой эле бизге Германиянын Дойче Велле аттуу дүйнөдөгү атактуу радиостанция жардам берип келе жатат.
Азыр Кыргызстанда 30 га жакын жамааттык медиаборборлор бар. Алар мекенибиздин жети областында жайгашкан. Өзүбүздүн ассоциация бар-Кыргызстандын жамааттык маалымат каражаттары деп аталат.

Биздин жетишкендиктер-конкурстарга катышып, 1-орундарга ээ болгонбуз. 2012-жылы “Мектептердеги тамактануу” көйгөйүн чагылдыруу боюнча конкурска катышып, 1-орунга ээ болгонбуз. Сыйлыкты БУУ нун Кыргызстандагы Координатору А.Аванезовдун колунан алганбыз. 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча “Ак кептерге” 1-орун ыйгарылып, ноутбук менен сыйланып, аны болсо, Дойче Велленин кызматкери Лидия Ранерт, Бишкектеги өткөн конференцияда, тапшырды.

Көйгөйлөрүбүз-бул айыл тургундарын жамааттык медиаборборго иштөөгө тартуу кыйынчылык туудуруп жатат, анткени волонтерлрго акы төлөнбөйт, ошондуктан кызыккан мектеп окуучулары волонтер болуп иштеп келе жатышат. Аларды атай кетсек: Туратбеков Азирет, Бейшенбекова Гүлзада, Азаркулова Элина, Сатыбекова Медина, Данияр кызы Назик, Анвар кызы Айзада, Данияр кызы Элиза, Саткынбаев Сыргак.
Бул балдардын көбү, Дойче Велле, Клооп, Ассоциация уюштурган, тренинг, семинарларга катышып, көп нерселерди үйрөнүп келе жатышат.

Баардыгыңыздарды 13-февраль Бүткүл дүйнөлүк радио күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. РАДИО УГУҢУЗДАР!!!»- дейт «Ак кептер» мультимедиаборборунун координатору Чакчагаев Султаналы.
Даярдган: Г улзада Бейшенбекова, 12-февраль, 2018-жыл.