“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

8-март

7 Март 2018 жыл 13:58
Көрүүлөрдүн саны: 96

Жайыл районунун Кара-Суу айыл аймагында Эл аралык 8-Март майрамына арналган иш чаралар болуп өттү.
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн администрациясы Ставропол жана Кара-Суу айылынын аялдарына, майрамга карата, сый тамак жана чакан концерттик программа уюштурду. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн төрайымы Дженбаева Насипа Елибаевна аялдарды келе жаткан майрам менен куттуктады.

Жана ошондой эле бул майрамга карата иш чаралар Кара-Суу орто мектебинде да болуп өттү. Айылдын мектебинин мугалимдерин жана кыздарын балдар куттуктап,

даярдаган белектерин тапшырышып, концерттик программа арнашты.

Ал эми айылдын “Ботокөз булак” бакчасында бакчанын кызматкерлери тарабынан даярдалган балдардын чакан концерттик программасын апаларга арнашты.
Даярдаган: Дүйшекеева Сезим