“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Эл аралык аялдар күнү

7 Март 2018 жыл 18:33
Көрүүлөрдүн саны: 103

“1908-жылы 8-мартта Нью-Йорктун жумушчу аялдары кайрадан иш ташташып, балдардын эмгегине тыюу салуу, фабриканын шарттарын жакшыртуу талаптарын коюшкан. 1909-жылы Америка социалисттик партиясы февралдын акыркы жумасын аялдардын Улуттук күнү деп жарыялашкан. 1910-жылы Копенгагенде социалист-аялдардын 2- эл аралык конференциясында немец революционери, Германия Компартиясын негиздөөчүлөрдүн бири Клара Цеткин бүткүл дүйнө аялдарынын эзүүгө, буржуазиянын үстөмдүгүнө, теңсиздикке каршы өз укуктары үчүн күрөштөгү тилектештигинин күнүн белгилөөнү сунуштаган.

Кыргызстанда аялдардын эл аралык күнү 1920-жылдан белгиленип келе жатат. Бул күн кыргыз аялдары үчүн чоң мааниге ээ болуп, аялдардын сабатсыздыгын жоюу боюнча мектептер, аялдардын клубдары, кызыл үйлөрү, кесиптик атайын артелдер жана башка пайда болгон. Мисалы, 1925-жылы 8-мартта Күрмөнтү болушундагы Талды-Суу кыштагында Кыргызстандагы аялдардын алгачкы клубу ачылган. Батышта бул майрам 1930-жылы аягында иш жүзүндө унутулуп калып, феминизмдин кайра жаралышы менен 1970-жылы калыптанган. 1978-жылы аялдардын эл аралык майрамы БУУ тарабынан расмий түрдө таанылган. Учурда аялдардын эл аралык майрамы көп өлкөлөрдө аялдардын сүйүктүү майрамдарынын бири болуп эсептелет.”- деп интернет булактарында маалымат берилет.
Негизинен 8-март майрамы Кыргыз Республикасында эң сүйүктүү майрамдардын бири. Бул күнү жерибиздин баардык аймактарында аялдар үчүн майрамдар уюштурулуп, белгиленет. жана башкалар өз мекемелеринде аялдар үчүн майрам уюштурушат, куттукташат.

“Мен Кара-Суу орто мектебинин деректири болуп, эки жылдан бери иштеп келе жатам,-дейт,-Нургүл Ахматалиевна Алиева. Мектептин мугалимдеринин көпчүлүгү аялдар-14 мугалимдин 11аял. Баардыгынын атайын педагогикалык билимдери бар. Мугалим аялдар мектептин жана Кара-Суу айыл аймагынын коомдук иштерине активдүү катышат, балдарды окутууда, тарбиялоодо чоң эмгек жумшап келе жатышат. Ар кандай проекттерге катышып, мектептин жана айылдын көйгөйлүү маселелерин чечип келе жатышат. Мисалы: Каралаева Марипа, Азаркулова Калбүбү аттуу мугалимдерибиз мектептеги кол жуугуч, туалет көйгөйлөрүн чечүүдө чоң эмгек жасашты жана азыркы убакта мектебибиз заманбап туалет менен камсыз болду.”

“Мен, Кара-Суу айылынын тургуну, Ашырова Кымбат Шакировна, илгери Ставропол совхозунда ашпозчу болуп иштегем, андан кийин 90-жылдарда мектепте иштеп калдым 7-8 жыл. Азыр болсо үй кожойкесимин. Төрт балам бар. Баары тең иштешет, кесиптери бар. Төрт неберем бар. Жакында пенсияга чыктым 2650 сомго”,-дейт Аширова Кымбат айылдын тургуну.

“Мен, Шабырбаева Мунара Анарбековна, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн кызматкеримин. Кара-Суу айылында туулуп өскөм. Эки балам жана кызым бар. Жубайым ушул айылдан. Айыл өкмөтүндө иштегениме бир жылдан ашты, Ставропол айылына барып иштеп келип турам”,-дейт Мунара Шабырбаева.

“Мен, Бейшенбекова Гүлзада, Кара-Суу орто мектебинин 10-классынын окуучусумун, Кара-Сууда төрөлгөм. Ата-энем, 3 бир тууганым бар. Айылда “Ак кептер” медиаборборунда волонтер болуп иштеп келе жатам, көп нерсени үйрөндүм, Бишкеке барып, журналистиканын негиздери боюнча семинар, тренингдерге катышып, айылыбыз тууралуу далай репортаждарды чыгардым. Конкурстарга катыштым. Ийгиликтерге да жетишип, Дойче Велле уюштурган Ысык-Көлдөгү окууларга катыштым. Азыр болсо өзүм билгендерди медиаборбордун жаш волонтерлоруна үйрөтүп жатам,- деди мектептин 10-классынын окуучусу Гүлзада Бейшенбекова.

“Мен, Капасаламова Света Николаевна, Кара-Суу айылынын тургунумун, айылдын “Ботокөз булак” аттуу бакчасында ачылгандан бери тарбиячы болуп иштеп келе жатам. Бакчабыз Европалык Союз жана БУУ нун долбоору менен мындан 5 жыл мурун ачылган. Бул долбоорго мен да катышкам. Тарбиячынын иши мага жагат. Бүгүн 8-мартка карата апаларга арнап, балдарды даярдап, чакан концерт уюштурдум. 8-март майрамыңыздар менен”,- деди бакчанын тарбиячысы Света Николаевна.
Даярдаган: Анвар кызы Айзада, Чакчагаев Султаналы