“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Техниканы ремонттоо

10 Март 2018 жыл 21:32
Көрүүлөрдүн саны: 106

Жайыл районунун Кара-Суу айылында дыйкандар техникаларын ремонттоп,

жазгы талаа иштерине даярдана башташты.

“Биздин айылда 2 миң гектардай айыл чарба жерлери бар. Дыйкандар негизинен беде, арпа, жүгөрү жана кант кызылчасын эгишет.

Айыл чарба техникасынан айылыбызда ондон ашык МТЗ-80 тракторлору , 7-8 дей ЗИЛ автомашиналары бар, бирок булардын көпчүлүгү эски.
Азыр ошол техниканы айылдын дыйкандары оңдоп, жазгы талаа иштерине даярдап жатышкан убагы”-, дейт айыл башчы Алиев Төрөбек.
Даярдаган: Данияр кызы Элиза,10-март 2018-жыл.