“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Сууда Ноорузду майрамдоо

13 Март 2018 жыл 18:39
Көрүүлөрдүн саны: 86

«Нооруз (фарс. نوروز‎, ЭФА: [nouˈɾuːz] — «Жаңы күн») — Орто Азия элдеринин кеңири белгилене турган майрамы. «Нооруз» деген сөз байыркы фарс тилинин «науризи» деген сөзүнөн алынып, бизче «нау» – “жаңы”, «рузи» – “күн” деген маанини билдирет. Совет бийлиги учурунда 62 жыл бою 21-Март – Нооруз майрамын белгилөөгө тыюу салынып, 1988-жылы гана майрамдоого уруксат берилген. Бирок Кыргызстан бул майрамды жыл сайын белгилөөгө эгемендүүлүк алганда гана жетишкен.
«Нооруз» — «жыл башы», «жаңы жылдын башы» майрамы.
Ал эски жыл эсеби боюнча 21-март күнү белгиленет. Мүчөл сүрүү эсеби мына ушул күнгө туура келет. Бул күнү күн менен түн теңелет.
Нооруз токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын, жаз майрамы катары белгиленген.
2009 жылы Нооруз UNESCO (ЮНЕСКО) тарабынан адамзаттын материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине киргизилген»,-делет интернет булактарында.

Жайыл районунун Кара-Суу айылында Нооруз майрамын майрамдоого өзгөчө маани берилет. Кара-Суу айылын кыргыздын солто, саяк, саруу, кушчу жана азык уруулары мекендеп келе жатышат. СССР жок болгондон бери Нооруз майрамы айылыбызда жыл сайын майрам катары белгиленип келе жатат.

“2000-жылдардын башында айылдын аксакалдары кеңешип, “жыл сайын Ноорузду майрамдоону тартипке келтирели, майрамды өткөрүү кезек менен болсун”-, деп чечим чыгарышып, биринчи болуп солто уруусу баштап берди.
Мына ошондон бери Нооруз майрамын өткөрүү кезек менен өткөрүлүп келе жатат.
Быйыл кезек солтолордо. Уюштуруучулар баардыгына: конокторду тосууга, концерттик программага, оюн-зоокторду өткөрүүгө жана чоң ат чабышты өткөрүүгө жооптуу.

Майрам, айылда мектептен башка чоң имарат жок болгондуктан, Кара-Суу орто мектебинин имаратында өткөрүлөт.
Майрамга айылдын тургундары гана катышпайт, анткени ат чабышка байгелер коюлат, ошондуктан Чүйдүн ар кайсы айылдарынан келип ат чабышка катышышат.
Майрам кызыктуу өтөт. Майрамга даярдык тууралуу, айылдын жамааттык медиаборборунан радиорупор аркылуу, кабарлар, радиорепортаждар берилип турат”-, деди Чакчагаев Султаналы Кара-Суу айылынын тургуну, “Ак кептер” жамаатык медиаборборунун координатору.
Даярдаган: Бейшенбекова Гүлзада, 14.03.2018-жыл.