“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

21-март-күн менен түн теңелген…

21 Март 2018 жыл 17:43
Көрүүлөрдүн саны: 91

Бүгүн күн менен түн теңелип, жаз айынын бир ажайып күнү. Жайыл районунун Кара-Суу айылында Нооруз майрамы өтүп жаткан учур. Майрамды уюштуруучулар жана Кара-Суу айыл өкмөтүнүн төрайымы Дженбаева Насипа Елибаевна айылдын тургундарын Нооруз майрамы менен куттукташты. Андан соң концерттик программа тартууланды, ар кандай оюн зооктор көрсөтүлдү. Сый тамак берилип, мектептин спорт талаасында күрөш, эңиш, кол күрөш жана башка оюндар уюштурулду.
Айылдын тургундары Алиев Төрөбек жана Жумалиев Элмир бул күнү тушоо кесүү тоюн уюштуруп, балдарынын тушоолорун кесишти. Майрамдын кульминацисы бул ат чабыш. Бүгүнкү Кара-Суу айылында өтүп жаткан ат чабышка келген катышуучулар көп. Чоң ат чабышта 1-орунду Жайыл районунун Сары Булак айылынан келген катышуучу утуп, тай менен сыйланды, 2- орунда Жамгырчиев Ашырбектин аты келди, 3-орунду Үсөнканов Айылчынын аты келди алар дагы сыйлыктарга ээ болушту. Кунан чабыш жана тай чабыш да болуп, жеңүүчүлөр акчалай жана баалуу сыйлык алышты. Майрам ошентип, ат чабыш менен аяктады.
Даярдаган: Бейшенбекова Гүлзада, 21-март, 2018-жыл.