“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Окуучулар тест тапшырууда

4 Апрель 2018 жыл 11:40
Көрүүлөрдүн саны: 112

Жайыл районунун мектептеринде аккредитация жүрүп жаткан маал. Билим жана илим министирлиги тарабынан даярдалган тесттерди окуучулардан алуу 2018-жылдын 4-апрелинде Кара-Суу айылындагы Кара-Суу орто мектебинде болуп өттү. Тестти алууга министирликтин эки өкүлү келди.
“Кара-Суу орто мектебинде токсон бир окуучу бар. Мына ошол окуучулардын отуз экиси математикадан, кыргыз тилинен жана биологиядан тест тапшырып жатышат. Алар 7-8-10- жана 11 – класстардын окуучулары. Бул тест тапшыруу окуучулардын билим деңгээлин текшерүү үчүн жана мектептин аккредитацияга кандай даярдыкта келе жаткандыгын билүү үчүн жүргүзүлүп жатат”,-дейт мектептин деректири Алиева Нургүл Ахматалиевна.
Даярдаган:Бейшенбекова Гүлзада,4.04.2018-жыл.