“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Баатырларды эскерүү

6 Апрель 2018 жыл 21:35
Көрүүлөрдүн саны: 91

“2010-жылы 7-апрелде миңдеген кишилер мурдагы президент Бакиевдин режимине каршы чыгып, өкмөттүк күчтөрдүн огунан 90дон ашуун киши окко учуп, жүздөгөн кишилер жарат алган.
Элдик толкундоо ал кездеги президент Курманбек Бакиевди бийликтен сүрүп чыккан эле. Ал эми Бакиев тушунда 24-март, мурдагы президент Аскар Акаевди бийликтен кулаткан элдик революция күнү деп жарыяланып, бегиленип келген.
Бир катар депутаттар 24-мартта бегиленип келген революциянын күнүн 7-апрелге жылдырып, 24-мартты болсо кадимки иш күн деп жарыялоо демилгесин көтөрүшкөн эле.
Бирок, парламент бул боюнча чечим кабыл алуудан карманган. Ал эми мурдагы президент Роза Отунбаева азыркы болуп жаткан демократиялык өнүгүүлөр 24-мартта башталагын белгилеп, Кыргызстан үчүн бул эки датанын тең тарыхый мааниси бирдей экенин айткан эле”,-делет интернет булактарында.

Бүгүн Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинде 2010-жылдын 7-апрелинде каза болгон баатырларды эскеришти. Окуучуларга мындан сегиз жыл болуп өткөн окуя тууралуу мугалим Аджиева Гүлжан Алымбаевна айтып берди. Окуучулар менен мугалимдер бул күнү курман болгон баатырларды бир мүнөт үн катпай эскеришти. Жана ошондой эле окуучулар болуп өткөн окуяны чагылдырган фотосүрөттөр менен таанышышты.
Даярдаган: Бейшенбекова Гүлзада, 6.04.2017-жыл.