“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Сценадагы цирк

17 Апрель 2018 жыл 11:33
Көрүүлөрдүн саны: 71

Жайыл районунун Кара-Суу айылы райондун борборунан 30 км аралыкта, негизги жолдон обочороок жерде жайгашкан. Ага карабастан “сценадагы цирк” айылга келди.

16-апрелде айылыбызга “сценадагы цирк” аттуу реклама менен цирк өнөрүнүн чебери-клоун Асланбек Атбасаров келип, айыл тургундарына жана мектеп окуучуларына өз өнөрүн тартуулап кетти. Цирк чебери өз номеринде жылаандар, деңиз чычкандары жана ошондой эле ар кандай фокустарды көргөзүп, көрүүчүлөрдүн кол чабууларына ээ болду. Асланбек Атбасаров Бишкектен келгендигин жана цирк искусствосунда 40 жылдай эмгектенип келе жаткандыгы тууралуу айтып берди.
Ошентип, цирк чебери айылдын тургундарына жана окуучуларга цирк искусствосунун бир-эки жанрын көрсөтүп, кол чабууларга ээ болуп, ыраазы болуп кетти.
Даярдаган: Бейшенбекова Гүлзада, 17.04.2018-жыл