“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

«Проводница»-узатуучу

25 Апрель 2018 жыл 15:53
Көрүүлөрдүн саны: 154

Биздин айылда Кыргыз темир жолунда отуз жылдан ашык эмгектенген аял жашайт. Өмүрүнүн көпчүлүгү темир жол менен байланышкан апанын маегин тартуулайбыз.
“Мен, Абулдаева Тамара, 1952- жылы Фрунзе шаарында туулгам. 1968-жылы орто мектепти аяктап, Фрунзеден “Вечерный университетти” бүтүрдүм. 1969-жылы Кара–Суу айлына келин болуп келдим. Беш баланын ата-энеси болдук. Төрт уул бир кыз. Он үч небере, эки чөбөрө көрдум. 1971 –жылы Кыргыз темир жолунда “проводница” — узатуучу болуп ишке кирдим. Бул кесипте 2003-жылга чейин иштедим. Бишкек-Жалал-Абад, Бишкек-Москва, Бишкек-Свердловск ж.б. шаарларга каттачымын. Бул кесип мага жакты, анткени жолдо жүрсөң далай жакты көрөт экенсиң. Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын шаарларын көрдүм. Жолдо жүрүү абдан кызык, ар кандай кишилер менен маек куруп, көп нерсени билет экенсиң. Андан кийин убакыт келип, пенсияга чыктым, беш жарым миң сом пенсия алам. Мен азыркы убактымда эс алуудамын, Кара-Суу айылында. Мен азыркы убакытта уйдөгү жумуштар менен алектенем”,-дейт Тамара чоң апа. Абулдаева Тамара Кара-Суу айылынын активдүү тургундарынын бири, айылдын көйгөйлүү маселелерин чечүүчү чогулуштарга, жыйындарга активдүү катышып, өз оюн айтып турат.
Даярдаган: Данияр кызы Элиза, 25-апрель, 2018-жыл.