“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Айылдын мыкты механизатору

26 Апрель 2018 жыл 16:34
Көрүүлөрдүн саны: 77

Кара-Суу айылында механизатор Абылбаев Болотбек айыл-чарба техникаларын эң жакшы билген адис. Ал кишиге айылдын көпчүлүгү техникасы бузулуп калса кайрылышат.
“Мен, Абылбаев Болотбек, 1978-жылы Нарын обласынын Ат- Башы районунун Калинин айылында туулгам. Тракторду айдаганыма 22 жыл болду. Тракторду 9-классыман баштап эле айдагам, анткени менин атам, кесиби боюнча тракторист. Жаштайыман атам менен бирге болуп, трактор айдаганды, жана башка айыл-чарба техникалары менен иштегенди атамдан үйрөнгөм. Мага көп адамдар тигил же бул техниканы “оңдошуп койчу” деп, көп кайрылышат, мен аларга жардам берип, билгенимди айтып, кол-кабыш кылам. Быйыл жазгы таала иштери жакшы жүрдү. Күн жаанчыл болуп жатат-бул жакшы. Арпа буудай 200га, Кызылча 40-50га, жүгөру 40-50га себилди”,-дейт Абылбаев Болот.
Бул кишиге айылдагы тургундар гана кайрылбастан, райондун ар кайсы айылдарынын тургундары да кайрылып турушат, анткени Абылдаев Болот айыл-чарба техникасын ремонттоо, оңдоо боюнча жогорку адистердин бири.
Даярдаган: Бексултанова Айгерим, 26-апрель, 2018-жыл.