“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Уз келин

1 Май 2018 жыл 8:50
Көрүүлөрдүн саны: 170

Жайыл районунун Кара-Суу айылынын тургуну Байгожоева Клара эже көп жылдан бери курак курап келе жатат. Курак кураганды 3-классынан эле баштап үйрөнгөнүн айтып берди.
Кыргыздар илгертеден бери курак курап, төшөк жасап келишкен. Бул кол өнөрчүлүк менен азыркы убакта алек болгондор өтө эле аз болуп кетти. Жаш кезинен эле курак кураганды үйрөнүп алган инсан менен болгон маек.
-Бала кезиңизде кантип курак кураганды үйрөндүңүз?
-Мен 3-класста окуп жүргөндө таенем кол машина менен курак курачы, мен аны карап отуруп колго кураганды бат эле үйрөнүп алгам. Азыр үйүмдөгү төшөктөрдүн көбүн өзүм курап, көктөп койом. Жууркан, төшөктүн баарын өзүм эле тигип алам. Кээде “курак курап берчи” деген сунуштар да түшүп турат айылдаштардан.
-Айтынызчы кандай кылып формаларын келтирип аласыз?
-Биринчи катуу коробканы бир формада кесип алып, материалдардын үстүнө коюп кесем да, машина менен бириктирип тигип койом. Ар кандай формада жазаса болот.
-Бир төшөктү курап, көктөгөнүңүзгө канча убакыт керек болот?
-Бир төшөктү эки күндө курап, бир эле күндө көктөп койом. Азыр көп төшөктүн үстүлөрү чыгып жатат. Көбүнчө курабай калышты.
Ооба, азыр базарларда баардыгы даяр, курак курагандар аз, чанда-чанда кезигет. Биздин айылыбыздагы курак курап, кыргыздын узчулук өнөрлөрүнүн бирин сактап, улап келе жаткан келиндердин бири – Байгожоева Клара.

Даярдаган: Гульзада Бейшенбекова, 1-май, 2018-жыл.