“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

DW. Кызматташтык

4 Май 2018 жыл 11:12
Көрүүлөрдүн саны: 94

2018-жылдын 3-майында Германиянын (DW) Дойче Веле радиостанциясына 65 жыл толду. Дойче Веле бир топ жылдан бери Кыргызстанда ачылган жамааттык мультимедиаборборлор менен кызматташып, ал борборлорго жардамдарды көрсөтүп келе жатат.
“Кара-Суу айылындагы “Ак кептер” жамааттык медиаборборунун иштешине 5 жыл болду. Биздин борбор Республикабыздын Жамааттык ЖМК ларынын Ассоциясына мүчө. Бул Ассоциация Дойче Веле менен тыгыз байланышта кызматташып келе жатат. Дойче Веленин жана Жамааттык ЖМК лардын Ассоциациясы уюштурган семинар, тренингдерге биздин волонтерлор жана координаторлор катышып, борборлордун өсүп-өнүгүшүнө керектүү билимдерди алып турушат. Дойче Веленин кызматкери Лидия Ранерт айымдын катышуусу менен конференциялар, Жамааттык ЖМК лардын жылдык жыйынтык чогулуштары өткөрүлүп, ар бир борбордун иши каралат. Бул жыйынтык боюнча биринчи 3 орунга (DW) Дойче Веленин диплому жана баалу сыйлыктар ыйгарылат. 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча биздин борбор 1-орунга ээ болуп, ноутбук менен сыйланды. Жана ошондой эле (DW) Дойче Веле биздин борборго эмеректерди алып берүүгө көмөк көрсөттү”-, дейт “Ак кептер” жамааттык медиабоборунун координатору Чакчагаев Султаналы.
“Ак кептер” жамааттык медиаборборунун атынан (DW) Дойче Велени 65 жылдыгы менен куттуктайбыз!
Даярдаган: Бейшенбекова Гүлзада, 03.05.2018-жыл.