“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Туркияга жумушка

7 Май 2018 жыл 10:29
Көрүүлөрдүн саны: 200

Азыркы убакта биздин мамалекеттин жарандары дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттерине барып иштеп келип жатышат. Туркия мамлекети кыргыздын кыз-келиндери, жигиттери барып эң бир көп иштеген мамлекеттин бири.
Кара-Суу айылынын тургундары да Туркиянын курорт шаарларына барып, иштеп келип жатышат. Бексултанова Калия – айылыбыздын кызы да быйыл Турцияга барып иштеп келсем деген тилеги бар. Калия Бишкектеги туркиялык фирма менен келишим түзүп, отелдердин бирине иштегени баратат. Жакында виза келди.
“Менин Туркияга баратканымдын себеби – иштөө, жери, маданияты менен таанышуу, тил үйрөнүүжана ошондой эле ишим жакшы болуп, акча тапсам, өзүмдүн соода түйүнүмдү ачсам деген оюм бар. Мен Туркияга биринчи жолу баратам. Мурда Бишкекте тигүүчү болуп иштегем”,- дейт Бексултанова Калия.
Даярдаган: Жусупова Саида, 07. 05. 2018-жыл.