“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Жеңиш күнү

8 Май 2018 жыл 11:48
Көрүүлөрдүн саны: 110

Улуу Ата-Мекендик согуштун аяктаганына 73 жыл толду. Алакандай болгон Кара-Суу айылынан эле 56 киши согушка кеткен экен.

      9 mAI

Бүгун мекенибиздин бардык жеринде Улуу Ата-Мекендик согушка арналган эскерүү иш-чаралары жүрүп жатат. Кара-Суу айылында да ар жыл сайын бул датага арналган иш-чараларды Кара-Суу айыл өкмөтүнүн кызматкерлери мектептер менен бирге эскерүү кечелерин өткөрүп турушат.
“Согушка кеткен 56 адамдын 37 келбей калды”-, дейт айылдын карыясы Дүйшөнкулов Канысбек. Бүгүн айылыбыздын мектебинде согушка кеткен инсандарды эскерүү болуп өттү. Окуучулар согушка кеткен чоң-аталарын эскеришип, ардагерлер тууралуу декламация, ырларды ырдап, чакан концерт коюп беришти.
Даярдаган: Жусупова Саида, 08.05.2018-жыл.