“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Азирет Туратбеков

19 Май 2018 жыл 12:18
Көрүүлөрдүн саны: 81

“ Ак кептер” медиа борборунун волонтеру болуп иштеген Кара-Суу айылынын тургуну Азирет Туратбеков Туркияга иштегени кетти. Ал Анкаранын жанындагы Белек аттуу шаардын отелдеринин биринде иштеп баштады.
Азирет биздин медиада 3 жыл бою иштеп, макала чыгарып, көп конкурстарга катышып белектерге ээ болгон. Клооптун 1.5 айлык журналистика мектебине окуп келди. Ал жактан макаланы кандай кылып туура жазылаарын, видео репортажды, сүрөткө тартканды үйрөнүп келген. Ал айылдын жаштары тууралуу “Бойдоктор” аттуу документалдуу фильмин тартып чыгарды. Ысык – Көлдөгү журналистика мектебине мыкты репортаж чыгарып, биринчи орунду алып, республика боюнча, барып, окуп, эс алып келген. Ысык – Көлдө “Меридиан” пансионатында тренигдерге катышып, макаланы бир гана жол менен жазылбаарын, кооз кылып жазууга болоорун, окурмандарды өзүнө тартуу ыкмаларын үйрөнгөн.
“Ак кептердин” ыктыярчылары Азиретке ийгиликтерди каалайт.
Даярдаган: Гульзада Бейшенбекова.
19-май 2018-жыл.