“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Айылдын келиндери

23 Май 2018 жыл 21:44
Көрүүлөрдүн саны: 193

Айылыбыздын аялдары эмне менен алек болду экен? Мына ошол жөнүндө кыскача айтып берели.
“Мен Какешова Айгуль Асылбековна 1986- жылы 26-февралда Жайыл районуна караштуу Чүй областынын Кара-Балта шаарынын Кара-Суу айылда жарык дүйнөгө келгем. Озүм 6 бир туугандын 2чиси болом. Үч кыз,үч уул.
Азыркы жашоомду бактылуу деп эсептейм. Анткени ажарлуу жолдошум, бактылуу балдарым бар десем да болот.
Мектепти аяктагандан кийин эле Бишкеке кетип, үч ай балдар үйүндө иштедим, андан кийин 10-лицейге ашпозчунун окуусуна тапшыргам. Окууну толук окуп бүтбөй турмушка чыгып кеттим.
Андан кийин магазинде эки жыл иштедим. Мектепте да эки жыл иштеп чыгып, азыркы тапта орто билим менен мугалимдин окуусунатапшырып бүтүп. Башталгыч класстарга сабак өтүнү пландап жатам.
Балдарга жакшы АПА десем да болот. Алар менен жакшы ойду бөлүшүп акыл насаатымды айтып турам ар дайым. Эртен менен мектепке дайындап, түштө келгенде курсагы ачты деп кам көрөм балдарыма.
Окууга 2015-16-жылдары тапшыргам. Быйыл бүтөм.
Айылдын тургундарынын бардыгы мал багышат. Биздагы уй кармайбыз, сут өткөрөм. Күнүнө 20-25 литрден. Жолдошум болсо Трактор менен иштейт. Жер айдайт, чөп пресстейт жана башка жумуштарды аткарат. Эртели кеч иштейбиз, азыр өзгөчө жумуш күчөп турган убак»,- айылыбыздын тургуну.
Айылдын тургундарынын көбү мал кармап, жер иштетүү менен оокат кылышат.

Даярдаган: Бексултанова Айгерим, 23.05.2018-жыл.