“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Бүгүн 1-июнь

1 Июнь 2018 жыл 12:51
Көрүүлөрдүн саны: 104

1-Июнь 2018-ж. – Балдарды коргоо күнү. Бул күнү Кара-Суу айылынын орто мектебинде балдарга арналган майрам болуп өттү.
Майрамды Кара-Суу орто мектебинин жамааты жана Кара-Суу айыл өкмөтү уюштурду. Балдар эртең менен мектепке чогулушуп, ар кандай оюндарды ойношту, асфальтка сүрөт тартуу боюнча конкурс уюштурулуп, алдыңкы орун алгандар “Ак кептер” медиаборборунун сыйлыгына ээ болушту. Балдарга волонтерлор тарбынан фотосүрөттөр чыгарылып берилди. Жана ошондой эле “Ак кептердин” волонтерлору да майрамга активдүү катышкандыгы үчүн фотосүрөттөр менен сыйланышты. Майрамдын аягында балдарга балмуздактар тартылып берилди.
Даярдаган: Данияр кызы Назик, Данияр кызы Элиза, 01.06.2018-жыл.