“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

«Ботокөз булак» «эң жакшы» деген баа алды

3 Июль 2018 жыл 20:19
Көрүүлөрдүн саны: 92

Жайыл районунда мектептерди текшерүү менен бирге бала-бакчалар да комиссиянын текшерүүсүнөн өтөт. Кара-Суу айылынын бакчасы да текшерүүдөн өттү. Бакчанын жетекчиси Сайдинова Айшадан кыскача маалымат: «2-июлда биздин бакчаны да райондун билим берүү бөлүмүнүн комиссиясы текшерип келди,
анткени жыл сайын мектептер менен бир убакта бакчалар дагы ремонттук иштерди жүргүзүшөт. Биздин коллектив дагы бул иш-чарага аябай даярданды, кем-карчы жерлерибиздин баарын ремонттон өткөрүп, бакчабыздын абалын жакшырттык. Районодон келген комиссия биздин ишти текшерип «эң жакшы» деген баа берди. Бакчабыз 24 орундуу, 6 штаттык орун бар. Ошентип, ремонт жасап, комиссиядан өтүп, эми балдарды эртең кабыл ала баштайбыз»,-деди «Ботокөз булак» бакчасынын жетекчиси.
Даярдаган: Данияр кызы Элиза, 03.07.2018-жыл. Сынак үчүн.