“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Айыл жаштарынын ойлору

7 Июль 2018 жыл 13:41
Көрүүлөрдүн саны: 115

2018- жыл Президентин указы боюнча “Аймактарды онүктурүү жылы деп жарыяланды”. Кара-Суу айыл аймагында дагы бул указ боюнча көп нерселерди жазаса болот.
Бул туралуу айылдын кээ бир кыздарынын оюн угуп көрсөк. Мисалы: Бексултанова Нурзат мына минтип кыялданат “Биздин айылга көп нерселерди өнүктүрсө болот. Мисалы: жаштарга бий, комуз жана дагы керектүү нерселер ачылса деген үмүттүм чоң. Анткени биздин айыл шаардан алыс. Ошондуктан жаштардын көбү ийгиликке жетише алышпай, айыл жергесинде жүрүшүүдө. Менин тилегим жакшы ийгиликтерге жетишүү. Ата-апама ыраазымын , өзүмдүн оюмду айтсам макул болушту. Ошентип, бир жарым айдан бери бий кружокгуна катышып атам. Биздин айылда бий кружогу жок учүн, Кара-Балта шаарына барып катышып келем. Катышкан себебим айыл жергесин өнүктүргүм келет! Кара-Суу айылыма бий кружогун ачып, балдарга уйрөтсөм деген үмүтүм чоң! “.
Эмне үчүн биздин кыздар айылыбызда бий, комуз жана башка музыкалык кружоктордун болушун каалашат? Мен билгенден айылыбызда эч качан музыка боюнча профессионал мугалим болгон эмес. Мектептин окучуулары кечелерге өздөрү билгендей даярданышат, бирок музыканттын коштоосу жок. Мына ошондуктан, биздин кыздар бий, комуз жана башка музыкалык кружокторго Кара-Балтага барып, катышып келип турушат. Биздин айылдын жаштары ондогон жылдар бою маданият үйү жок эле жашап келе жатышат. Бул абдан өкүнүчтүү. Качан биздин айылда маданият үйү болот экен?
Даярдаган: Бексултанова Айгерим, 07.07.2018-жыл. Сынак үчүн.