“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

2018-жыл-Аймактарды өнүктүрүү жылы

8 Июль 2018 жыл 0:27
Көрүүлөрдүн саны: 44

2018-жыл Кыргыз республикасынын прездентти Сооронбай Жээнбеков “Региондорду өнүктүрүү жылы” деп жарыялады. Жайыл районунун Кара-Суу айыл аймагында бул указды аткаруу боюнча бир топ иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

      Aimaktardy onukturuu

Биздин айылыбыз кантип өнүгүп келе жатканындыгы тууралуу кеп кылмакчыбыз. Кара-Суу айылында кандай өнүгүү процесстери болуп жаткандыгын билүү үчүн биз айыл тургундарына кайрылдык. Айылыбыз кантип өнугүп келе жаткандыгы тууралуу маек куруп берүүсүн суранып айыл тургуну Чакчагаев Султаналыга кайрылдык. Ал: “ айылыбызга көп нерселер жетишпейт, бирок ошондой болсо да , айылыбызга керектүүлөру кылынып келе жатат. Азыр айылыбызда 320 орундуу орто мектеп бар. 24 орундуу бала-бакча 4 жылдан бери иштеп келе жатат. Айылыбызда жамааттык мультимедиа борбор иштейт, ФАП бар бирок ал мектептин ичинен орун алган, проект жазып, ФАПка имарат салган жатабыз. Биздин айылга эң эле жетишпеген нерсе маданият үйү, жаштардын жана айылдыктардын эс алуу жайы жок. Айыл жергеси өнүгүү үчүн көп финансалык, материалдык жактан каражат керек, ошондой эле эң керектүүсу айылдыктардын талыкпас эмгеги керек.Мына ошондо гана биздин аймактар өнүгө баштайт”-деди.
Даярдаган: Данияр кызы Назик. 8-июль, 2018- жыл. Сынак үчүн.