“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Суу айылынын түптөлүшү (негизделиши)

15 Июль 2018 жыл 15:26
Көрүүлөрдүн саны: 58

Бул чыгарылышта биз сиздерге Кара-Суу айылынын тарыхы жөнүндө, анын кантип түптөлгөндүгу (пайда болгондугу) туралуу кеп кылып, жана ошондой эле Кара-Суу айылынын тургундары туралуу кененирээк малымат беребиз.

      Kachyke

Кара-Суу айылынын тургуну, мектепте көп жылдан бери мугалим болуп иштеген Чакчагаев Султаналыдан айылдын кантип пайда болгондугу тууралуу кебин уксак.
-Айылдын түптөлүшү туралуу ар кандай ойлор айтылып келе жатат. Сиздин билишиңизче биздин айыл качан жана кимдер тарабынан түптөлгөн? Качыке деген ким болгон? Кыргыздар азыркыга чейин уруу-урууга бөлүнүшөт. Айылдагы уруулар тууралуу айтып бере кетсеңиз?
“Кара-Суу айылынын туптөлүшүнө 19-кылымдагы окуялар себепкер болгон. Казактын ханы Кененсары кыргыздарды каратып алам деп, баскынчылык согуш жарыялап, 1848-жылы Май-Дөбөдө болгон кармашта кыргызгыздардан жеңилип калат. Кыргыз аскерлерин Ормон хан жана Жангарач бий жетектеген. Мына ушул согуштан кийин кыргыз жетекчилери түндүктөгү чек араларына эл жайгаштыра башташат. Жангарач бийдин буйругу менен иниси Качыке азыркы Чүй областындагы Жайыл районунун Кара-Суу айылын түптөгөн инсан. Айылыбызда беш уруу эл жашашат: солтолор, саяктар, азыктар, кушчулар жана саруулар. Бул уруулардын баары Ормон менен Жангарач хан Кенеге каршы кол топтогондо Көлдөн, Нарындан жана Таластан келген аскерлердин тукумдары, Чүйдү жер кылып, жашап калышкан”,-дейт Чакчагаев Султаналы.
Сиздер Чүй областтынын Кара-Суу айылынын түптөлүшү туралуу маек уктунуздар.
Даярдаган: Данияр кызы Назик, 15.07.2018-жыл. Сынак үчүн.