“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Айылда ФАПтын имараты курула баштады

14 Сентябрь 2018 жыл 21:06
Көрүүлөрдүн саны: 82

Жакында айылыбызда Фельдшредик-акушердик пункт (ФАП) курула баштады. Ал айылыбыздын эски клубунун жанында курулууда. “Биздин айылга ФАП тын имараты курулуп атканына өтө кубанычтамын. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Женбаева Насипа жетектеген коллективи жана айылдын тургундары жакшы эмгектеништи; АРИС уюштурган семинар, тренигдерге, чогулуштарга жана окууларга катышып, көп тургундар долбоор жазууну үйрөнүшүп, активдүүлүктү көрсөтүштү. Бул имараттын курулуп калуусуна айыл өкмөттүн кызматкерлери жана тургундар чоң салым кошушту, ошондуктан ФАПтын имараты АРИСтин долбоору аркылуу курулуп жатат. ФАП айылга өтө керек”,-деди Кара-Суу айыл өкмөтүнүн кызматкери Шабырбаева Мунара. “ Мен медайым болуп иштегенден бери, 20 жылдан ашып кетти,ошондон бери айылдын ФАПы мектептин бир бурчунда жайгашып келе жатат. Бул туура эмес, имарат өзүнчө жерде жайгашыш керек эле. Мына эми биздин долбоор колдонуп, ФАПтын имараты курула баштады. Буйруса ноябрь айында аяктап калат. Жаңы имаратка киребиз”,- деди Турсуналиева Венера, айылдын медайымы. Бул имарат айылыбыздагы АРИСтин долбоору жана мамлекеттин колдоосу менен курулуп жаткан 21-кылымдагы биринчи имарат болот.
Даярдаган: Бексултанова Айгерим, 14.09.2018-жыл.