“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Мектептеги китеп маселеси

19 Сентябрь 2018 жыл 23:11
Көрүүлөрдүн саны: 111

Жаңы окуу жылы башталып, мекенибиздин ар бир айылында мектептердин тегереги балдардын үнүнө толуп, балдар үчүн кызыктуу күндөр өтө баштады. Биз бул чыгарылышта Кара-Суу орто мектебинде окуучуларды китеп менен камсыз кылуу маселеси кандай болгондугуна кызыгып, мектептин китепканачысы Абдрасулова Айнизага кайрылдык эле. Бул киши көптөн бери мектепте китепканачы болуп иштеп келе жатат. Китепканачы эженин айтуусу боюнча “жаңы окуу жылы башталганы менен окуучуларыбыздын көпчүлүгүнө китептер жетишпей жатат. Алсак 8-9-класстарга орус адабияты жетишпейт, 5-6-класстардын орус тили жаңы чыккан китептери келе элек. Бизге быйыл англис тили жана тарых китептери эле келди. Окуучулардын саны бир аз көбөйгөндүктөн кээ бир китептер жетишпей жатат”. Орус тили мугалими Чакчагаев Султаналынын айтуусу боюнча “5-6-класстарга быйыл жаңы орус тили китеби келиш керек эле, бирок китеп келе элек, күтүп жатабыз дейт”.

Даярдаган:Данияр кызы Назик, 19.09.2018-жыл.