“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Жаңы электр кабелдери

19 Сентябрь 2018 жыл 22:51
Көрүүлөрдүн саны: 170

Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айылында быйыл бир топ, айылыбызга эң керектүү, иштер аткарыла баштады. Айылыбызга ФАПтын имараты курулуп жатат, жана ошондой эле тээ 1960-жылдары курулган электр зымдары которулуп, жаңы цемент устундар жана кабелдер тартылып жатат. Бул ишти Жайыл районунун электр тармактарынын кызматкерлери аткарып жатышат, иш кызуу жүрүп жаткан учур. Азыркы убакта цемент устундар тургузулуп, изоляциясы жок алюминий зымдар алынып, кабелдер тартыла баштады. Бул аткарылып жаткан иш-чара айылыбызды аба-ырайынын кээ бир шарттарына карабай электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылып турат деп турабыз, анткени кичине эле шамал болсо зымдар бир-бирине тийип, свет өчүп калчу.
Даярдаган: Бейшенбекова Гулзада, 19.09.2018-жыл.