“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Бишкектеги семинар 2

4 Октябрь 2018 жыл 18:22
Көрүүлөрдүн саны: 72

“Жамааттык жалпыга маалымдоо каражаттарынын туруктуу өнүүгүүсүн бекемдөө” (ЖЖМК) аттуу семинары Бишкек шаарындагы “Альпинист” мейманканасында өтүп жатат. Семинарды Жамааттык ЖМК лардын бирлигинин аткаруучу директору Назира Джусупова жана Айзада Калканбекова алып барышты. Бүгүн бул иш-чаранын экинчи күнү өттү. Айзада Калканбекованын жоопкерчилиги астында “Жамааттык ЖМКлардын медиа мазмуну” сессиясы өтүп, Айыл аймактардын кызматкерлери менен бирге медиаборборлордун бир жылдык, бир айлык , алты айлык контенттери(мазмундары) үлгү катары иштелип чыгып, презентацияланып, талкуулар кызуу өтүп жатты. Андан кийин, семинардын катышуучулары “Эки тараптуу кызматташуу боюнча макулдашуунун текстин иштеп чыгуу. Кызматташуу үчүн критерийлер” аттуу иш-чараны иштеп чыгуунун үстүндө чакан топтордо иштешти. Бул сессияны өткөрүү боюнча жооптуу Дженалиев Советбек болуп, топторго жардам берип, иштеп жатты. Ал киши катышуучуларды Кыргыз Республикасынын жамааттык медиалар тууралуу мыйзамдар менен тааныштырып, кенен маалымат берди. Бул сессия дагы кызыктуу өттү. Алып баруучу жана катышуучулар бул документти түзүү боюнча өз пикирлерин айтып, жарыш сөздөргө чыгып, иш кызуу жүрдү. Андан кийинки “Айыл аймагынын кызматкерлеринин Жамааттык ЖМКнын ишине катышуусу” жана “Жеке каржылоо жана колдоо алуу мүмкүнчүлүгү” сессияларын Айзада Калканбекова алып барды, бул сессияларга дагы семинардын катышуучулары активдүү катышып, өз ойлорун айтып, талкуулар кызыктуу жүрдү. Ошентип, Ысык-Көл, Нарын, Чүй жана Тогуз-Торо районунан келишкен Айыл аймактары менен Жамааттык ЖМК лардын кызматкерлери биргелешип өтүлгөн, ЮНЕСКО финансалык жактан колдогон, семинары жыйынтыкталды.
Даярдаган: Чакчагаев Султаналы, 04.10.2018-жыл.