“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кант кызылчасын жыйноо башталды

11 Октябрь 2018 жыл 22:55
Көрүүлөрдүн саны: 41

Чүй областынын Кара-Суу айыл аймагынын айылдарында кант кызылчасын казуу кызуу жүрүп жатат. Ставропол жана Кара-Суу айылдарынын дыйкандары кант кызылчасын казып, Кайыңды кант заводуна өткөрүп жатышат.Айылыбыздын тургундары кант кызылчасын короолоруна (15-20 сотук) жана талаадагы жерлерине 1 гектардан 3-4 гектарга чейин айдагандар бар. Айыл боюнча 20 гектардай кант кызылчасы эгилген. Мисалы, айыл тургуну Ашырова Кымбат, Доронбаева Жыпар, Абдылдаева Тамара жана Молдраимов Калыс жана дагы үч-төрт киши короолоруна кант кызылчасын себип, түшүмүн алып жаткан маалдары. Быйыл Кара-Суу айылында кант кызылчасын сепкендер азыраак. Дыйкандар: “ кызылчаны иштетүү кыйын, кызылча иштеткенге техника да аз, киши жалдап иштетүү да кымбат, ошондуктан быйыл айылда кызылча сепкендер аз”,- дешет. Кайыңды кант заводу тоннасына 76 кг дан кумшекер берет. Ал эми ортомчулар тоннасын эки сом алтымыш тыйындан алып жатышат. Мына ошентип, айылыбыздын дыйкандары күздүн акыркы түшүмдөрүн, кызылчанын жана жүгөрүнүн түшүмдөрүн, жыйнап жаткан учурлары.
Даярдаган: Курманалиев Кенжебек,11.10.2018-жыл.