“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

«Ак кептерге» Кавказдан коноктор келди

15 Октябрь 2018 жыл 19:16
Көрүүлөрдүн саны: 48

Бүгүн, 15-октябрь 2018-жылы, Жайыл районунун Кара-Суу айылынын “Ак кептер” жамааттык мультимедиаборборуна Азербайжан Республикасынан делегация келди. Делегацияны Бишкектеги Клооп медианын кызматкери Элмурат Асан жана Анна Лелик жетектеп келишти. Келген делегациянын көбү Баку шаарынан, ал эми эки киши айылдардан экен. “Ак кептердин” ыктыярчылары менен келген делегациянын мүчөлөрүнүн ортосунда Кыргызстандагы журналистика, сөз эркиндиги жана жамааттык медиаборборлор тууралу кызуу маек жүрүп, “Ак кептердин” координатору Чакчагаев Султаналы медиаборбордин негизделиши жана алып барып жаткан иштери тууралуу презентация тартуулады. Жана ошондой эле конокторго волонтерлор тарткан “Бойдоктор” аттуу документалдуу тасманы тартууланды. Конокторго медиаборбор чыгарган буклеттер, репортаждар жана брошюралар көрсөтүлдү, ошондой эле волонтерлор “Ак кептердин” интернет платформасына киришип, чыгарылган аудио жана башка репортаждар менен тааныштырышты. Азербайжандан келген коноктор мекениндеги журналистика тууралуу айтып беришти. Жолугушууга “Ак кептердин” ыктыярчылары Азаркулова Элина, Бейшенбекова Гүлзада, Кадырбекова Сабина, Сатыбекова Медина, Бексултанова Айгерим, Данияр кызы Назик жана Данияр кызы Элиза катышышты жана келген делегацияны борбордун иши менен тааныштырышып, маек курушуп, коштошоордо белек катары, делегация менен чогуу түшкөн сүрөт чыгарылып, конокторго тартууланды.
Даярдаган: Азаркулова Элина, Бейшенбекова Гүлзада, Сатыбекова Медина,Кадырбекова Сабина, 15.10.2018-жыл.