“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Түшүм жыйноо аяктоодо

23 Октябрь 2018 жыл 15:23
Көрүүлөрдүн саны: 85

Чүй областынын Кара-Суу айыл аймагындагы Кара-Суу айылында кызылчанын түшүмү жыйналып жаткан учур. 16-октябрда жааган кар жана эртеси күнкү жүргөн үшүк дыйкандарга чоң залакасын тийгизди. Жалбырагын чаап койгон кызылчаларды үшүк алып, кант заводуна тапшырганда, үшүк алыптыр деп, тоннасын азайтып коюп жатат. Бирок түшүм жыйноо улантылып жатат. Айыл тургундары Акматов Мурат, Алиев Жолдош түшүмдөрүн жыйнап алышты, ал эми Чакчагаев Чынгыз, Дооронбаев Нурбектер түшүмдөрүн жыйнап жаткан убак. Быйыл кызылчанын түшүмүн кээ бир дыйкандар гектарынан 50 тоннага жакын алып жатышат. Кызылча айдагандар быйыл аз.
Даярдаган:Курманалиев Кенжебек, 23.10.2018-жыл.