“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Жыл жыйынтыгы «Ак кептер» ЖМБ да

1 Декабрь 2018 жыл 0:39
Көрүүлөрдүн саны: 74

Кара-Суу айылынын “Ак кептер” жамааттык медиаборборунда жыл жыйынтыгы боюнча борбордун ишине активдүү катышкан ыктыярчылар жана айыл тургундары борбордун грамоталары жана бирдиктер менен сыйланышты. 2018-жыл “Ак кептер” үчүн ийгиликтүү жылдардын бири болду, айылдын жамааттык медиаборбору республика боюнча алдыңкы орундардын бирин алып, ноутбук менен жана башка конкурстардын баалуу сыйлыктары менен сыйланды. “Биздин жамааттык борбор быйыл да жакшы натыйжаларды көрсөтүп, мекенибиздин жамааттык медиа борборлорунун алдыңкы орундарынын бирин алып, ноутбук менен сыйландык, ошондой эле “Биринчи радионун” сертификаты менен айыл тургуну Ашырова Кымбат жана «Волкерстори» конкурсуна катышкандыгыбыз үчүн акчалай сыйлыкты жеңип алдык. Бүгүн биз борбордун волонтерлорун жана “Ак кептердин” ишине активдүү катышкан айыл тургундарын сыйлап, белектерди тапшырып коюлу деп чечим чыгардык”,-деди “Ак кептер” жамааттык мультимедиаборбордун жетекчиси Чакчагаев Султаналы. Борбордун грамоталары жана бирдиктер менен мугалимдер: Алиева Нургүл, Жумалиева Гүлмира, Насыранбекова Маруфат, айыл тургундары Бекматова Айша, Капсаламова Света, волонтерлор жана ошондой эле Кара-Суу айыл өкмөтүнүн төрайымы Дженбаева Насипа сыйланды. Ошентип, борбор жылды жакшы ийгиликтер менен аяктап, жаңы 2019-жылкы иш чараларга даярдык көрө баштады.
Даярдаган: Бейшенбекова Гүлзада, 01.12.2018-жыл