“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

«Ак кептер» тартуулайт

12 Декабрь 2018 жыл 14:26
Көрүүлөрдүн саны: 87

Бүгүн, 12-декабрь, бул күнү кыргыздын чыгаан жазуучусу Чынгыз Айтматов жарык дүйнөгө келген. 2018-жылы мекенибизде жана дүйнө жүзүндөгү көптөгөн мамлекеттерде улуу жазуучуга арналган далай иш-чаралар болуп өттү. Жазуучунун туулган күнүндө, 12-декабрда Жайыл районунун Кара-Суу айылында “Ак кептер” мультимедиаборборунун ыктыярчылары мектеп окуучуларына Айтматовдун чыгармаларына тартылган мультфильмдерди жана башка тасмаларды тартуулап, көрсөтуштү. Окуучуларга “Маңкурт”, “Бугу эне” мультфильмдери жана “Атадан калган туяк” аттуу тасмасы көрсөтүлдү. Ошондой эле мектептин жамаатына жазуучунун чыгармачылыгы жана жашоосуна арналып чыгарылган фотокөргөзмө да тартууланды. Мектептин администрациясы “Ак кептердин” жетекчисине жана ыктыярчыларына ыраазычылык билдиришти.
Даярдаган: Данияр кызы Назик, 12.12.2018-жыл.