“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Балаты майрамы «Ботокөз булак» бакчасында

26 Декабрь 2018 жыл 17:14
Көрүүлөрдүн саны: 234

Жайыл районунун Кара-Суу айылындагы “Ботокөз булак” бала бакчасында Жаңы жылдык балаты майрамы болуп өттү. Майрамды бакчанын тарбиялануучулары үчүн ата-энелер жана мекеменин кызматкерлери уюштурушту. Бакчанын жетекчиси Бекматова Айша: “Биздин бала бакчабызда жыл сайын балаты майрамы болуп турат. Бул майрамды биздин коллектив ата-энелер менен бирге өткөрөбүз. Ата-энелер балаты майрамын өткөрүшкөнгө абдан кызыкдар, анткени бул майрам календарлык жылдын бүтүшүн белгилейт эмеспи. Бардык мекемелерде чоңу болобу, кичинеси болобу бул майрамды абдан күтүшөт жана абдан даярданышат. Биздин айылдын ата-энелери дагы майрамга жакшы даярданышты, колдон келген жардамдарын балдардан аяшкан жок. Бакчанын тарбиячысы Капсаламова Света балдарды балаты майрамына бир айдан бери даярдап келди. Мына бүгүн ата-энелер менен чогуу бакчанын тарбиялануучуларынын чакан концертин көргөнү турабыз.” Бүгүнкү майрамга балдар менен кыздар абдан жарашыктуу, кыргыз улуттук кийимдери менен келишиптир. Балдар ыр ырдашып, бий бийлешип, ошондой эле Чынгыз Айтматовдун “Бугу эне” жомогунан үзүндү көрсөтүштү. Балаты майрамы кызыктуу аяктап, бакчанын балдарына ата-энелер жана бакча даярдаган белектер тапшырылды. Ошентип, “Ботокөз булак” бала бакчасы жылды жыйынтыктады.
Даярдаган: Сатыбекова Медина, 26.12.2018-жыл.