“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Жаңы жылды тосуу

31 Декабрь 2018 жыл 2:19
Көрүүлөрдүн саны: 121

2018-жыл аяктап, Жаңы 2019-Доңуз жылы келе жатат. Республикабыздын бардык аймактарынын мекемелеринде жыйынтык иш чаралары өткөрүлүп, Балаты майрамдары болуп жаткан убак. Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинде да окуучулар үчүн Балаты майрамы өткөрүлүп, балдар үчүн ар кандай белектер берилди. Мектептин директору Алиева Нургүл: “Быйыл биздин мектеп биринчи жарым жылдыкты ийгиликтүү аяктады, мектептин 6 окуучусу “отличник” жана 24 окуучусу “ударник” болушту. Мектебибизде тартип бузган окуучулар жок, имаратыбыз жылуу, балдарга ысык тамак берилет, туалет мектептин ичинде, таза, балдар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Мугалимдерибиз жана мектептин башка кызматкерлери өз иштерин так жана тыкан аткарышат. Кара-Суу орто мектебинин атынан Мекенибиздин мектептеринин кызматкерлерин келе жаткан 2019-Жаңы жылы менен куттуктайм!” » Кара-Суу орто мектебинин имаратында “Ак кептер” жамааттык медиаборбору жайгашкан. Бул борбор мектептин кызматкерлери жана мектеп ичинде жайгашкан “Ботокөз булак” бакчасы менен бир тп жылдан бери кызматташып келе жатат. Мектептин жана бакчанын ар кандай иш чараларына дайыма жардам берет. “Ак кептер” медиаборбору дагы жылды жыйынтытады, ал эми мектептин Балаты майрамында ыктыярчы окуучуларга жаңы жылдык белектерин тапшырып, айыл тургундарын мектеп коллективин Жаңы жыл майрамы менен куттуктады»,-деп айтты борбордун координатору Чакчагаев Султаналы.
Даярдаган: Бейшенбекова Гүлзада, 30.12.2018-жыл