Кышында айылда жашаган тургундар эмне менен алек болушат? Негизинен мекенибиздин көпчүлүк айылдарында ишканалар жокко эсе, ошондуктан айылда жашагандар илгеркидей эле мал чарбасы менен алек болушуп, күн өткөрүшөт.
Жумуштан саат үч, төрттө келем. Жумуштан келип, балдарыма чай берип,отту жагып кечки тамак жасайм. Тамак жасап бүткөндөн кийин, балдарыма берип,
уйду саайм. Бир эле уйумду сайм. Андан үч литр сүт чыгат, калгандары бооз. Сүтүн айранга алып калам»,-дейт Кымбат Алиева. «Мен, Ибраимов Канат. Быйыл кар жаабай жаман болду, кар куроп, кун откөрчу элек. Жаштардын демилгеси менен спорт комплекси ачылганы жакшы болду. Ошол жакка барып, балдардын машыккандарын көруп турам.Өзум да штанга көтөруп, машыгып турам.
Кышында көбунчө айыл тургундары мал менен эле алек болушат. Кышында көп деле кыла турган иш жок. Корообузда үч-төрт атыбыз бар, беш-алты кой бар, эки уйубуз бар, мал менен эле алектенебиз. Кыштын күнү айыл жергесинде жумуш деле жок.
Ал эми кыш аяктагандан кийин, жаз мезгилине даярдык башталат. Жайы менен айыл тургундарыбыз талаа жана короо жумуштары менен алек болушат. Айылдагы жашоо ушундай экен», — деди айыл тургуну.